Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ
в соответствии с распоряжением Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 450-б
"10 топ - менеджер" программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ (кызматы боюнча) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Жардам берүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы жардамдарды координациялоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин Отун-энергетикалык комплекс башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын президенти-ректору (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ:
- "10 топ - менеджер" программасынын долбоорун тийиштүү иш-чараларды ишке ашыруунун жана аларды каржылоонун айкын-ачык механизми менен бирге эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жооптуу кызматкерлерин жана адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |