КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 446-б
Жалал-Абад облусундагы "Ак-Жол" үй-бүлө, "тобокелчилик тобундагы" балдардын жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын комплекстүү борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Жалал-Абад облусундагы "Ак-Жол" үй-бүлө, "тобокелчилик тобундагы" балдардын жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын комплекстүү борборуна кызматтык максатта пайдалануу үчүн автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автомашинаны сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |