Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 454-б
Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык маселелерин чечүү жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусунун социалдык өнүктүрүү фондуна "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишинен 2008-жылдын 1-январынан тартып 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде келип түшкөн каражаттардын эсебинен 43,0 (кырк үч) млн.сом бөлүп берсин.
2. Аталган фонддун тескөөчүсү Кыргыз Республикасы кабыл алган кен казып алуу тармактарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу демилгеси (КТИАЖД) принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине алынган акчалай каражаттардын Ысык-Көл облусунун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө пайдаланылгандыгы жөнүндө квартал сайын отчет берип турсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |