Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 455-б
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен "Борбордук Азияда саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүү долбоору боюнча Техникалык кызматташтыктын Германия коомчулугунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон оңдоолоруу киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
"Борбордук Азияда саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү" долбоору боюнча
(өлкө компоненти: Кыргызстан)
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Техникалык кызматташтык боюнча Германия коомчулугу (GТZ).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1998-жылдын 31-мартында Бонн шаарында кол коюлган техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жетекчиликке алып,
өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө болгон кызыкчылыкты жана социалдык өнүктүрүү жаатында Тараптар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө болгон ынтызарлыкты эске алып,
калктын аз камсыз болгон катмарындагы аялдардын медициналык мекемелерде квалификациялуу медициналык жардам алуусун кеңейтүүгө багытталган калктын социалдык жактан коргоо системасын реформалоого биргелешип салым кошууга умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар калкты социалдык жактан коргоо жаатындагьг кызматташтыкты Кьгргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ьглайык өнүктүрүшөт жана кеңейтишет.
2-берене.
Тараптар ортосундагы кызматташтык төмөнкү багыттар боюнча кызматаштыктын натыйжалулугун жана артыкчылыгын камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө натыйжалуу даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык паспорттоштурууну өркүндөтүү;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча минималдуу социалдык стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору боюнча маалыматтар базасын киргизүү үчүн программалык камсыздоону жаңылоо;
- социалдык жактан коргоо маселелери боюнча калктын аз камсыз болгон катмарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана маалымат-агартуучулук өнөктүктөрдү өткөрүү;
- биргелешкен кызматташтыктын Иш-чаралар планынын алкагында иш-чараларды уюштуруу.
3-берене.
Тараптар кызматташтыкты темөнкүдөй формаларда жүрүгүзүшөт:
- калкты социалдык жактан коргоо системасын өркүндөтүү максатында алдыңкы эл аралык тажрыйбаны изилдеп-үйрөнүү жана ишке киргизүү;
- биргелешкен аракетти талап кылган иш-чараларды, ошондой эле калкты социалдык жактан коргоонун негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттоштурууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору боюнча маалыматтар базасын ишке киргизүү боюнча программалык камсыздоону биргелешип иштеп чыгуу.
4-берене.
Бул Меморандумда каралган Долбоордун иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн максималдуу түрдө жагымдуу уюштуруу шарттарын түзүүдө жана туруктуулукту камсыз кылууда Тараптардын милдеттери:
а) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (Эмгексоцмин):
- Эмгексоцминдин жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери менен ведомстволорунун кызматкерлеринен Эмгексоцминдин алдында сектор аралык жумушчу топту түзөт;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторун андан ары өркүндөтүгө жана учурдагы жагдайга талдоо жүргүзөт;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр боюнча маалыматтар базасын түзүү үчүн маалымат чогултуу процессин жүргүзөт;
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматты берүүнү камсыз кылат;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча минималдуу социалдык стандарттарды иштеп чыгат;
- калктын аз камсыз болгон катмарында социалдык жактан коргоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жана маалымат-агартуучулук өнөктүктөрдү өткөрөт жана уюштурат;
- биргелешкен кызматташтыктын Иш-чаралар планынын алкагында конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды ж.б. өткөрөт.
б) Техмикалык кызматташтык боюнча Германия коомчулугу (GТZ):
- төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору өркүндөтүүгө жана андан ары кеңейтүүгө;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору боюнча маалыматтар базасын түзүү үчүн зарыл болгон программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин системасындагы кызматкерлердин потенциалын өнүктүрүүгө;
- маалыматты, ошондой эле социалдык маселелер боюнча идеаларды жана тажрыйбаларды эл аралык деңгээлде алмашуу боюнча тармакты түзүүгө көмөктөшөт;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча минималдуу социалдык стандарттардын иштеп чыгууда жана киргизүүдө техникалык жардам көрсөтөт;
- социалдык жактан коргоо маселелери боюнча калктын аз камсыз болгон катмарынын маалыматка ээ болусун жогорулатууга салым кошот;
- биргелешкен кызматташтыктын Иш-чаралар планынын алкагында конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды ж.б. уюштурууга колдоо көрсөтөт.
5-берене.
Бул Меморандумду жүзөгө ашыруу максатында Тараптар жыл сайын биргелешкен Иш-чаралар планын иштеп чыгыгышат. Бул План Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри жана "Борбордук Азияда саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү" долбоорунун директору тарабынан бекитилет.
6-берене.
Бул Меморандумду ачык-айкын кылуу жана жүзөгө ашырылышын контролдоо максатында Тараптардын өкүлдөрүнөн Байкоочулар кеңеши түзүлөт.
7-берене.
Тараптар кызматташтыкты жүзөгө ашыруунун базалык принциптери, ошондой эле анын катышуучуларынын негизги укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1998-жылдын 31-мартында Бонн шаарында кол коюлган техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда чагылдырылган деп таанышат.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Меморандумга анын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9-берене.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана Кыргызстанда "Борбордук Азияда саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү" долбоору жүзөгө ашырылган мезгилде күчүндө болот (1-фаза: 2009-2011-жылдар).
Тараптардын ар бири бул Меморандумду колдонууну токтотконго укуктуу, бул тууралуу экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирилет. Бул Меморандумду колдонуу экинчи Тарап ушул Меморандумду колдоонунун токтолушу тууралуу билдирүү алган күндөн алты айдан кийин токтотулат.
Бишкек шаарында 2009-жылы үч нускада, ар бири англис, орус жана кыргыз тилдеринде түзүлгөн.
Текстти чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо, орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри | Борбордук Азияда саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү" долбоорунун директору
|
Н.Ташпаева
| Gisela Hayfa
|
"