КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-августу № 466-б
"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасы үчүн "НИВА ЭФФЕКТ" үч комбайнды сатып алууну кайра кайтаруу негизинде атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Комбайндарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |