Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-августу № 467-б
Дүйшөмбү шаарында 2003-жылдын 28-апрелинде кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жолдорун техникалык коргоонун бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) ишке ашыруу боюнча чаралар көрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскердик билдирүүлөр башкармалыгынын темир жол ташуулары бөлүмүнүн начальниги, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун финансы жана энергияны сатуу департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык укук бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укук коргоо органдары жана коргоону каржылоо башкармалыгынын методика жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин өнөр жай курулуш материалдары бөлүмүнүн башчысы;
- "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясынын" башкы директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин темир жол транспортундагы ИИБ начальнигинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ооруктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз темир жолундагы Санитардык-эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгери;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин "Северная" темир жол бажысынын начальнигинин орун басары.
2. Жумушчу топ белгиленген тартипте төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
- Макулдашууну ишке ашыруу боюнча;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жолдорун техникалык коргоонун бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө иш-чараларды аткаруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын атынан эксперттер талапкерлерин кошуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине билдирүү жөнүндө.
3. Жумушчу топтун жетекчисине белгиленген тартипте жумушчу топтун ишине аткаруу бийлик органдарынын адистерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды тартуу укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына ведомстволор аралык жумушчу топтун түзүлгөндүгү жана Ведомстволор аралык топтун курамына киргизилүүчү эксперттер талапкерлери жөнүндө билдирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |