Редакцияот 26.08.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 26-августу № 471-б

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Салыктык (финансылык) иликтөө органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин кезектеги 11-жыйынын 2009-жылдын 9-12-сентябрында Кыргыз Республикасында өз убагында даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизгенге чейин 2009-жылга каралган каражаттардын чегинде 803400 (сегиз жүз үч миң төрт жүз) сом өлчөмүндө каражат издеп тапсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы үчүн 803400 (сегиз жүз үч миң төрт жүз) сом өлчөмүндө кошумча каражат караштырсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов