Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-августу № 473-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 1 Мамлекеттик резиденциясынын объекттерин 2009-2010-жылдын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоону камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттен 2 000 000 (эки миллион) сом кошумча финансылык каражат тапсын жана № 1 Мамлекеттик резиденциянын объекттерин 2009-2010-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү караштырылган мыйзам долбоорун аныкталган тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы № 1 Мамлекеттик резиденциянын объекттерин 2009-2010-жылдын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоону белгиленген тартипте камсыздасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |