Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-августу № 476-б
Өндүрүшкө сапат менеджменти системасын киргизген чарбакер субъекттерге дем берүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту өздөрүнүн сайттарында төмөнкүлөрдү туруктуу негизде жайгаштырып турушсун:
- ИСО 9000, ИСО 14000, ИСО 22000, НАССР, GMP, OHSAS 18000, SA 9000 эл аралык стандарттарына жана башка системаларга (мындан ары - ИСО 9000 эл аралык стандарттары) ылайык сапат менеджменти системасынын нормативдик укуктук базасы жөнүндө маалыматты;
- сапат менеджменти системасын киргизүү боюнча республикада жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматты;
- ИСО 9000 эл аралык стандарттарына ылайык сапат менеджменти системасын киргизген ишканалардын, уюмдардын жана башка чарбакер субъекттердин тизмесин.
2. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын сапат менеджменти системасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыксын жана киргизсин;
- сапат менеджменти системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө киришип жаткан ишканаларга, уюмдарга жана чарба субъекттерине методикалык жардам көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги мамлекеттик органдар менен бирдикте:
- ишканаларда, уюмдарда, ЖОЖдордо, мамлекеттик мекемелерде сапат менеджменти системасын киргизүү маселеси боюнча семинарларды, конференцияларды жана симпозиумдарды мезгилдүү негизде уюштурсун жана өткөрсүн;
- ИСО 9000 эл аралык стандарттарына ылайык сапат менеджменти системасын иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө киришкен ишканаларга көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына көрсөтмөлөр өткөрүүдө ИСО 9000 эл аралык стандарттарына ылайык сапат менеджменти системасын киргизген ишканалардын продукциясын демонстрациялаган өзүнчө стендди уюштуруу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө ИСО 9000 сапат менеджменти системасын киргизген ишканаларга, уюмдарга жана башка чарбакер субъекттерге бюджеттик ссудаларды жана республикалык бюджеттен кредиттер берүүнүн тартиби жөнүндө сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөздө, радиодо жана телекөрсөтүүдө ишканалардагы, уюмдардагы жана башка чарбакер субъекттердеги сапат менеджменти системасын иштеп чыгуу жана киргизүү маселелерине арналган туруктуу рубрикаларды жана берүүлөр циклин уюштуруу сунушталсын.
7. Сапат менеджменти системасын сертификациялоочу органдар жана Кыргыз Республикасынын аймагында сапат системасын сертификациялоо боюнча иш жүргүзгөн эл аралык уюмдар квартал сайын ошол органдардан ылайыктуулук сертификатын алган ишканалар, уюмдар жана башка чарбакер субъекттер жөнүндөгү маалыматтарды сайтта жайгаштыруу жана республика боюнча жалпыланган маалымат берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтуна берип турсун.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |