Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-августу № 477-б
Республиканын алыскы жана барууга кыйын болгон райондорундагы инженердик техникалык паркын жаңыртуу жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жагында жер-жерлерге баруу иш-чараларын уюштуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү сатып алууга уруксат берилсин:
- 2009-жылга бекитилген республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 1 млн. 500 миң (бир миллион беш жүз миң) сом суммасына эки даана жүргүнчүлөр үчүн чакан автобус;
- ведомстволук уюмдардан келип түшкөн каражаттардын эсебинен эки даана автокран.
2. Жүргүнчүлөр үчүн чакан автобус жана автокран сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети ушул буйруктун биринчи пунктунда аталган транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179-беренелерине ылайык атайын бажылык режимде бажылык тариздөө жүргүзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |