Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-августундагы № 479-б буйругу менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Кеңештин негизги милдеттери жана функциялары
III. Кеңештин компетенциясы
IV. Кеңештин ишин уюштуруу
1. Тарифтик саясат жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) тарифтик саясат жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери боюнча макулдалган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аналитикалык жана эксперттик иштерди жүргүзүүчү консультациялык кеңешме орган болуп эсептелет.
2. Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен иш берүүчүлөр бирикмелеринин өкүлдөрү кирет.
3. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.
4. Кеңеш коомдук негизде иштейт.
5. Кеңештин уюштуруу, маалыматтык жана башка иши Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз ченемдик укуктук актылары жана ушул жобо Кеңештин ишмердигинин укуктук негизин түзүшөт.
7. Кеңеш тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, Иш берүүлөр бирикмеси жана башка коомдук уюмдар менен өз ара аракеттешүү боюнча өз ишкердиктерин жүзөгө ашырат.
8. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- тарифтик саясат жана калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты талкуулоого катышуу;
- негизги эл аралык нормалардын жана принциптердин, Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан коргоонун эл аралык стандарттарына шайкеш келүүсүн сактоо;
- тариф түзүү жаатында кызматташуу;
- реалдуу социалдык өнөктөштүктүн натыйжалуу үлгүсүн иштеп чыгуу.
9. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын аймагында социалдык жактан коргоо системасынын жана тариф түзүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген чекте калкты социалдык жактан коргоо жана тарифтик саясат чөйрөлөрүндөгү расмий маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кеңештин алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чаралар комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Кеңешке жүктөлгөн башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
10. Кеңеш өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- калкты социалдык жактан коргоо жана тарифтик саясат жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча өз жыйындарында мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын угууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башка органдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана материалдарды алууга;
- Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө калкты социалдык жактан коргоо жана тарифтик саясат жаатындагы мыйзамды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- социалдык эмгек мамилелери боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын кароосуна тарифтик саясат жаатындагы актуалдуу маселелерди алып чыгууга;
- талдоо жүргүзүү, тарифтик саясат эрежелерин белгилөөгө катышуу, кызмат көрсөтүүчүлөргө карата бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу үчүн көз карандысыз жумушчу топторду түзүүгө;
- мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү адистерин ишке өзүнүн ишине белгиленген тартипте тартууга;
- өзүнүн иштери жөнүндөгү материалдарды жалпыга маалымдоо каражатына жарыялоого.
11. Кеңеш өз ишин жыйын формасында жүзөгө ашырат.
12. Кеңештин жыйыны анын төрагасы тарабынан зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес чакырылат. Кеңештин жыйыны Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышкан шартта укуктуу болот.
13. Кеңештин чечимдери жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, протокол менен таризделет жана сунуш берүүчү мүнөзгө ээ. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
14. Кеңештин чечимдерине жана башка документтерине Кеңештин төрагасы кол коет.
15. Кеңештин төрагасы:
- Кеңештин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- Кеңештин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берет;
- Кеңештин иш планын, жыйын өткөрүү графигин, ар бир жыйындын күн тартибин бекитет;
- Кеңештин жыйынын өткөрөт;
- Кеңештин кабыл алган чечимдердин аткарылышына контролду уюштурууну камсыз кылат.