Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 28-августу № 480-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Капаров Мурза Кулматовичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү сөөк коюла турган жер болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан М.К. Капаровдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |