Редакцияот 01.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 1-сентябры № 482-б

Россия Федерациясынын Москва шаарында 2009-жылдын 10-13-сентябрында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын КМШнын Экономикалык кеңешиндеги өкүлү, КМШ иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук координатору, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;

Курманбеков Темирбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;

Аманова Сапия Жунаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти.

2. КМШнын Экономикалык кеңешинин заседаниесине Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен ишке ашырылсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов