Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 1-сентябры № 484-б
1. "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Бишкек шаарында болуучу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мамасейитова Б.У. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Жапаров А.У. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Исаев К.Ш. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамды координациялоо жана эл аралык кызматташуу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам берүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |