Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-сентябры № 486-б
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- мурда берилген кредиттерди мөөнөтүнөн мурда кайтаруунун эсебинен "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна 125,0 млн. сомдон ашпаган өлчөмдө кошумча бюджеттик ссуданы күрөө албастан төмөнкүдөй шарттарда тийиштүү карыздык милдеттенме түзүү менен белгиленген тартипте берсин:
жоюу мөөнөтү - бюджеттик ссуда боюнча карыздык милдеттенмеге кол коюлган учурдан баштап 3 жыл;
бюджеттик ссуданы пайдалангандык үчүн проценттик ставка - 3 процент жылдык;
бюджеттик ссуданын арналышы - айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо;
бюджеттик ссуданы жоюу графиги - кредиттик линиянын мөөнөтүнүн аягында;
негизги карызды жоюу жана (же) проценттерди төлөө үчүн төлөм кечиккен учурда мөөнөтү кечиктирилген карыз пайда болгон учурдан баштап ал карыз толук төлөнүп бүткөн датага чейин 3 процент жылдык өлчөмдө айыптык санкция колдонулат.
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- мыйзамдарга жараша жана ушул буйруктун 1-пунктунда аныкталган шарттарда бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Карыздык милдеттенме түзүү;
- мамлекеттик карыз каражаттар болушунча толук кайра кайтарылышын камсыздоо, кредиттик тартипти чыңдоо жана кредиттик иш жүргүзүүгө байланыштуу мүмкүн болгон чыгашаларды минимумга азайтуу максатында мамлекеттик карыз каражаттарды жетиштүү ликвиддүү күрөөлүк камсыздоого рефинансылоону ишке ашыруу;
- бул буйруктун 1-пунктунда айтылган каражатты "Айыл Банк" ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө жалпы негизде белгилечү процентгик ставка менен карыз алуучуларга талаа жумуштарын жүргүзүүгө кредиттөө, кредит максаттуу пайдаланылган жана өз убагында кайтарылган шартта компенсация төлөөнү караштыруу менен кредитке берүү. Карыз алчулар үчүн кредиттин акыркы наркы 12 процент жылдык өлчөмдө белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |