Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-сентябры № 491-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө 2009-жылдын 4-мартындагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара алмашуу каттарын аткаруу максатында:
1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия белгиленген тартипте:
- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнөн жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл алсын;
- кабыл алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды төмөнкүлөрдүн балансына өткөрүп берсин:
Бишкек шаарынын мэриясына - 153 даана;
Ош шаарынын мэриясына - 30 даана.
3. Комиссиянын жетекчисине мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин белгиленген тартипте жумушка тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-сентябрындагы № 491-б буйругуна тиркеме |
Бекбоев З.И. - Бишкек шаарынын вице-мэри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Касыкенов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;
Азимканов А.А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертиза башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Орусбаев И.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрүнүн департаментинин Азия биринчи бөлүмүнүн башчысы;
Бейшенбаев Р.К. - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-сентябры № 491-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө 2009-жылдын 4-мартындагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара алмашуу каттарын аткаруу максатында:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Комиссия белгиленген тартипте:
- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнөн жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл алсын;
- кабыл алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды төмөнкүлөрдүн балансына өткөрүп берсин:
Бишкек шаарынын мэриясына - 153 даана;
Ош шаарынын мэриясына - 30 даана.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр | И.Чудинов |