Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-сентябры № 494-б
Каркыра капчыгайындагы мамлекеттик чек ара линиясынын өтүшүн иликтөө жана жергиликтүү калкка кырдаалды түшүндүрүү үчүн:
1. Тиркемеге ылайык курамда жумушчу комиссия түзүлсүн.
2. Жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү 2009-жылдын 7-9-сентябрында Ысык-Көл облусуна командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-сентябрындагы № 494 буйругуна тиркеме |
Айтмурзаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын жетекчиси - министр, жумушчу комиссиянын төрагасы;
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы;
Алышбаев К.К. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Жапаров С.Н. - Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттигинин комиссары (макулдашуу боюнча);
Дүйшөмбиев А.О. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Исаев Т.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Казакбаев Р.А. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Керимкулов С.К. - Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы (макулдашуу боюнча);
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Мамасадыков Р.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
Орозалиев Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |