Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-сентябры № 496-б
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына юридикалык жактын статусу бар машиналык-трактордук станцияларды тузүү сунушталсын.
2. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы облустун социалдык өнүктүрүү фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 356-б буйругуна ылайык келип түшкөн акча каражаттарын түзүлүп жаткан уюмдарга иштөө үчүн зарыл болгон айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алуу үчүн бөлүп берсин, ошондой эле машиналык-трактордук станцияларды түзүү менен байланышкан башка чараларды көрсүн.
3. Айыл чарба техникасын жана жабдууларды сатып алуулар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |