Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 500-б буйругу менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Иштин негизги багыттары
III. Негизги функциялар
IV. Укуктар жана милдеттер
V. Ишти уюштуруу
Бул Жобо Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңешинин (мындан ары - Илимий-техникалык кеңеш) ишинин тартибин жана аны уюштурууну аныктайт.
1. Илимий-техникалык кеңеш жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелери боюнча илимий институттар жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы кызматташууну чыңдоо үчүн түзүлгөн эксперттик-кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
2. Илимий-техникалык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Илимий-техникалык кеңеш Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары, ошондой эле эл аралык, коомдук уюмдар жана жеке секторлор менен өз ара аракеттенип иш жүргүзөт.
4. Илимий-техникалык кеңешинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- экологиялык, анын ичинде транс чек аралык мүнөздөгү аварияларды болтурбоого багытталган Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелин кыскартуу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин ишмердигин координациялоо;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, жоюу жана аларды каржылоо боюнча сунуш берүү жаатында мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүүгө катышуу;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери боюнча маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо.
5. Илимий-техникалык кеңештин функциялары:
- жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен илимий институттар жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары ортосундагы иштерди координациялоо механизмин өркүндөтүү;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, илимий институттардын жана башка тартылган уюмдардын илимий-техникалык сунуштарын угуу жана кароо;
- кызыкдар (тараптар) уюмдар менен бирдикте экологиялык, анын ичинде транс чек аралык мүнөздөгү аварияларды болтурбоого багытталган аймактарды коргоо максатындагы биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө катышуу;
- өзгөчө кырдаалдарда башкаруу маселелери менен иштешкен эл аралык уюмдар, финансы институттар жана донор-өлкөлөр менен кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.
6. Илимий-техникалык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилүүчү Илимий-техникалык кеңештин келерки жылга иш-чаралар планын иштеп чыгууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарына жана чечимдеринин долбоорлоруна көз карандысыз экспертиза жүргүзүү, даярдоо үчүн илимий-изилдөө институттарынын, долбоорлоо-изилдөөчү жана Кыргыз Республикасынын башка уюмдарынын адистерин тартууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча иштерди координациялоо үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик органдарынан жана илимий институттардан акысыз суроого жана алууга;
- белгиленген тартипте нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун жана Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилүүчү Илимий-техникалык кеңештин ишин жакшыртууга байланышкан маселелер боюнча башка документтерди иштеп чыгууга катышууга.
7. Илимий-техникалык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Илимий-техникалык кеңештин уюштуруу-техникалык, финансы, усулдук жана башка ишин камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлөт.
8. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы:
- Илимий-техникалык кеңештин ишин жетектейт;
- мамлекеттик жана башка уюмдарга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча мамиледе илимий-техникалык кеңештин атынан чыгат;
- Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссияга жана Илимий-техникалык кеңешке отчет берет;
- Ведомстволор аралык комиссия кабыл алган чечимдер жөнүндө Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүн маалымдайт;
- Илимий-техникалык кеңештин атынан документтерге кол коет.
9. Илимий-техникалык кеңештин ишинин негизги формасы болуп кварталда кеминде бир жолу зарылдыгы боюнча жүргүзүлүүчү заседание эсептелет. Илимий-техникалык кеңештин чечими протокол менен таризделет.
Илимий-техникалык кеңештин заседаниелеринде чечимдер Илимий-техникалык кеңештин заседаниелерге катышышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жөнөкөй добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Илимий-техникалык кеңештин ар бир мүчөсү бир добуш укугуна ээ.
Эгерде Илимий-техникалык кеңештин жарымынан кем эмес мүчөсү катышкан болсо заседание өттү деп эсептелет.
Илимий-техникалык кеңештин жумушчу тилдери болуп кыргыз жана орус тилдери эсептелет.