Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-сентябры № 501-б
Жол менен эл аралык ташуу китепчесин (TIR) (ЖЭТтин конвенциясы, 1975-жыл) колдоп, Жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө бажы конвенциясына ылайык эл аралык ташууларды жүргүзүүчү кыргыз авто ташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо максатында:
1. 2009-жылдын 5-февралында Женева шаарында Администрациялык комитеттин 47-сессиясында кабыл алынган 0.8.3 - түшүндүрмө катынын 6-тиркемесине оңдоолор жөнүндөгү сунушка карата Бириккен Улуттар Уюмунун Европа Экономикалык комиссиясынын 1975-жылдагы Жол менен эл аралык ташуу китепчесин колдоп, Жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө бажы конвенциясынын Администрациялык комитетинин чечимине байланыштуу каршы пикирлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы секретарына берген нотасы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган нотаны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы секретарына белгиленген тартипте жиберсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |