Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-январы № 15-б
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өзүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат райондук финансы бөлүмүнүн балансына 1993-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 11997512008801, кузов № WDB 1240341B912057 "Даймлер-Крайслер 420" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат райондук финансы бөлүмү бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны дежурдук автотранспорт катары пайдалануу үчүн белгиленген тартипте балансына кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|