Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-январы № 16-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 426 "Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Коомдук ордо кеңешинин ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу керектүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Карабаев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Алыбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Акматалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корресподенти, филология илимдеринин доктору, профессор;
Аманова Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик аппараттын чыгымдар саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
Асанов Н.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин юридикалык бөлүмүнүн юрисконсульту;
Аскарова Р. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борборунун башкы адиси;
Аттокурова А.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчикке укукту ишке ашыруу жана аппеляциялар бөлүмүнүн башкы адиси;
Базаркулов М.Б. - Кыргыз Республикасынын эл мугалими;
Ботобеков У.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча);
Жапаркулова М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын пенсиялык жана социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Календеров У.И. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин укуктук колдоо жана кадрдык кызмат башкармалыгынын начальниги;
Касымов Н.И. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укук департаментинин үчүнчү катчысы;
Мукашев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин контролдук-укуктук башкармалыгынын начальниги;
Нифадьев В.И. - Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы Кыргыз Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
Рахманова Д.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топтун жетекчисине зарыл болгондо белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
3. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунушту иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|