Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-январы № 18-б
Транспорт каражаттардын паспортторунун эл аралык стандарттарга жооп берген бланктарын даярдап берүүгө тендер өткөрүүнү уюштуруу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы тендерлик комиссия түзүлсүн:
Исаев Т.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Абилов У.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертиза башкармасынын башкы адиси;
Узенов И. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 1-категориядагы адиси;
Урустамов Р.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин уруксат берилген монополияларды жөнгө салуу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Календаров У.И. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин укуктук колдоо жана кадрлык кызмат башкармасынын начальниги;
Осмоналиев У.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин калкты документтештирүү башкармасынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
Сокубеков З.С. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармасынын башкы адиси;
Имамов К.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармасынын начальнигинин орун басары, комиссиянын секретары.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тендер өткөрүүгө тартылган мамлекеттик органдар менен бирдикте тендер өткөрүүнүн шарттарын, тартибин жана мөөнөтүн бир апталык мөөнөттүн ичинде иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Тендерлик комиссия:
- транспорт каражаттардын паспортторунун бланктарын жасоо жана берүү укугуна тендер өткөрсүн;
- тендер өткөрүүнүн жыйынтыгы менен тендердин жеңүүчүсүн - транспорт каражаттардын паспортторунун бланктарын жасоочу жана берүүчү ишкананы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуш кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|