Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-январы № 23-б
Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун жылытуу мезгилинен туруктуу өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин андан ары ишенимдүү иштетүү максатында:
1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына 31601900 (отуз бир миллион алты жүз бир миң тогуз жүз) сом суммасындагы мөөнөтү өткөн төлөмдөрү үчүн Бишкек шаарынын ТЭЦине эсептелген туум-айыптарды эсептен чыгаруу сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына "Электр станциялары" ачык акционердик коому тарабынан Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн көмүр ташып жеткирүү боюнча учурдагы кызматтарга акы төлөөнү камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|