Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-январы № 28-б
Брюссель шаарында (Бельгия Королчулугу) 2009-жылдын 6-февралында болуучу Европалык союзу - Кыргыз Республикасы соода жана инвестициялар боюнча чакан комитетинин онунчу заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, делегациянын башчысы;
Азылов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ишин айкалыштыруу менен Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргаз Республикасынын Европалык шериктештиктин Комиссиясынын алдындагы Туруктуу өкүлү;
Абдыбалы тегин Сүйөркул - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төра гасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы саясатты координациялоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Бегматова А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти;
Дүйшеев Н.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары;
Жакупбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын улук инспектору;
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кудайбердиева А.Б. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси;
Маматалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Мамытов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин отун-энергетикалык комплекс башкармалыгынын начальниги;
Тилебалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөр департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Брюссель шаарына баруусуна байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |