Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-январы № 30-б
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясына Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн Ысык-Ата райондук билим берүү башкармалыгына белгиленген тартипте бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |