Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-январы № 31-б
Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде салык ставкасын жана Ыктыярдуу патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесин кароо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча),
- "Ак-Жол" элдик партиясы фракциясынан депутат (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы фракциясынан депутат (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин эксперти;
- Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
- Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- "Легпром" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде салык ставкасы жана Ыктыярдуу патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеси боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |