Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-февралы № 58-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы 2007-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 8975285, кузов № ХТА 21074082671994 "ВАЗ-21074" маркасындагы акысыз негизде келген кызматтык автомашинаны Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Дене тарбия жана спорт комплексинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Дене тарбия жана спорт комплекси ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспортту белгиленген тартипте балансына кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |