Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-февралы № 60-б
1. Расмий тилде тиркелген: Нота-кат алмашуу аркылуу түзүлүүчү Чүй облусундагы көпүрөлөрдү реконструкциялоо боюнча 635 (алты жүз отуз беш) миллион япония йени өлчөмүндөгү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташуу агенттигинин (Япония) ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |