Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-февралы № 61-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 552-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында россиялык аскердик объекттердин иштөө маселелерин жөнгө салуучу, укуктук базаны өркүндөтүү жана россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин биотүрлөрдү, өзгөчө корголуучу аймактарды, экотүзүлүштү сактоо жана басма сөз кызматы бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укук бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин өнөр жай экологиясы бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын уюштуруучулук-укук бөлүмүнүн укуктук камсыздоо жана тышкы байланыштар тобунун башкы инспектору;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин күзөтүү жана куралданууну уюштуруу секторунун башкы инспектору;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы инспектору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргонууну жана укук коргоо органдарын каржылоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2. Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында россиялык аскердик объекттердин иштөө маселелерин жөнгө салуучу укуктук базаны эки айлык мөөнөттө изилдесин жана аны өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Комиссияга белгиленген тартипте зарылдыгына жараша министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көзкарандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, убактылуу эксперттик топторду түзүүгө уруксат берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн жана кадрдык орун алмаштырууда комиссиянын уланмалуулугун камсыз кылышсын.
5. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |