Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-февралы № 68-б
Кыргыз Республикасынын аймагында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын радиациялык-кооптуу объекттериндеги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Жунушалиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Темиралиев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестициялар башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Акиев М.Б. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин металлургия бөлүмүнүн башчысы;
Кадыркулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медициналык жана радиациялык-химиялык бактериологиялык коргоо бөлүмүнүн начальниги;
Карпачев Б.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз геологиялык-экономикалык изилдеөлөрүнүн методикалык экспедициясынын геологиялык-методикалык партиясынын начальниги;
Киселева В.В. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын радиациялык байкоо бөлүмүнүн начальниги;
Мамушкина К.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врач-радиологу;
Молдошева З.М. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн Радиациялык-химиялык, бактериологиялык коргоо кызматынын начальниги;
Намазов К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин реалдуу сектор бөлүмүнүн начальниги;
Назарова Н.Б. - Радиактивдүү калдыктарды көмүү боюнча республикалык адистештирилген комбинаттын радиактивдүү калдыктарды көмүү пунктунун начальниги;
Норузбаев К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык экспертизалар бөлүмүнүн начальниги;
Сарногоев А.К. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг, өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана калдык сактоочу жайлар менен иштеө департаментинин калдык сактоочу жайларды көземелдөе жана аны менен иштөө бөлүмүнүн начальниги;
Сейтказиева А.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Сулайманов И.Н. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин мобилизациялык резерв жана жарандык коргоонун атайын бөлүгүнүн жетекчиси;
Тагаев М.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин контрабандага жана бажылык эрежелерди бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги;
Торгоев И.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун "Геоприбор" илимий-изилдөө борборунун директору;
Толонгутов Б.М. - "Чүй экологиялык лабораториясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Турсунбеков С.И. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аскердик-мобилизациялык иштерди уюштуруу жана жарандык коргоо бөлүмүнүн улук инспектору;
Чекирова Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медициналык жана радиациялык-химиялык, бактериологиялык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Шамшиев Н.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин региондук саясат башкармалыгынын начальниги;
Яшин К.В. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Башкы оперативдүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2009-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгондо белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |