Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-февралы № 76-б
Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри - делегациянын жетекчиси;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Исанова М.Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамдарды координациялоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Сатыбеков А.Э. - Кыргыз Республикасынын жамааттарын өнүктүрүү жана инвестирлөө агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
Ө.Бабанов |