Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-марты № 89-б
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Герман техникалык кызматташтык коомунун (мындан ары - ГТБ) арызынын негизинде белгиленген тартипте акысыз, гуманитардык жардам иретинде Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясына ГТБ берген, 2003-жылы чыккан, кузов № JNITCSY61Z0535778, кыймылдаткыч № TD 42167907, "Ниссан Патрол" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасында баш тарткан бажылык режимде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтому менен белгиленген лимиттин чегинде белгиленген тартипте баласына кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |