КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-марты № 91-б
Тегеран шаарында (Иран Ислам Республикасы) 2009-жылдын 9-14-мартында болуучу Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;
Ибраимов Эрмек Султанович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Аалиев Азиз Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Шеримкулов Медеткан Шеримкулович - Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Лоу Мухаммед Исырович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Осмоналиев Асанбек Арстаналиевич - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү департаментинин директорунун орун басары.
2. Командировкалык чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтому менен белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |