Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 95-б
Облуста өндүрүлгөн картөшкөнү сатууда жана кайра иштетүүдө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө, облустун экономикалык жана социалдык туруктуулугун сактоодо Кыргыз Республикасынын Талас облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунда кыргыз-индия картөшкөнү кайра иштетүүчү завод куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрине принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макулдашууга кол коюу укугу берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |