Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 96-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк подразделениелеринин атайын инженердик техникалар жана авариялык-куткаруучу машиналар паркын жаңыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- белгиленген тартипте 13 (он үч) инженердик техника жана жогорку өтүмдүү автомашиналарды сатып алууга, анын ичинде:
экскаваторлор - 5 (беш) бирдик;
жарым чиркегичтүү седелдүү сүйрөгүч - 2 (эки) бирдик;
жогорку өтүмдүү автомашина - 6 (алты) бирдик;
- сатып алынган жогорку өтүмдүү автомашиналарды авариялыккуткаруучу техникалар менен жабдууга.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине инженердик техникаларды жана жогорку өтүмдүү автомашиналарды сатып алуу, ошондой эле 2009-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган каражаттын эсебинен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашиналарды авариялык-куткаруучу жабдуулар менен жабдуу үчүн 32 млн. 50 миң (отуз эки миллион элүү миң) сом суммасында финансылык каражат бөлүп берсин.
3. Автотранспорттук каражаттарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179-беренелерине ылайык атайын бажылык режимде ушул токтомдун 1-пунктунда аталган транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жанан жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |