Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 99-б
Республикадагы театр искусствосун колдоо жана Талас облустук музыкалык-драма театрынын жаш адистеринин турак жай проблемаларын чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Көк-Ой айылындагы Талас райондук аймактык оорукананын инфекциялык оорулар бөлүмүнүн имаратын Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин балансына өткөрүп берсин.
2. Талас облустук музыкалык-драма театрына Талас облусу, Талас району, Көк-Ой айылы, Манас көчөсү, № 2 үй дареги боюнча жайгашкан имарат андан ары менчиктештирүү укугусуз ведомстволук имарат катары бекитип берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |