Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 101-б
Айлана-чөйрөнү сымаптын антропогендик таасиринен сактоо жана Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП), Арендалдагы дүйнөлүк ресурстар боюнча маалыматтык базанын (ЮНЕП/ГРИД-Арендал) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Окуу жана илимий-изилдөө институтунун (ЮНИТАР) ортосундагы аткарылып жаткан "Кыргыз Республикасында баштапкы сымапты өндүрүүгө жана анын айлана-чөйрөгө карата таасирине карата иш-аракеттер планын иштеп чыгуу" өнөктүк долбоорун андан ары ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасында баштапкы сымапты өндүрүү жана анын айлана-чөйрөгө карата таасирин азайтуу маселеси боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Норузбаев К.М. - улуттук координатор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кадоева К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын башкы адиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Садабаева Ч.О. - Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик инспектору;
Молдалиев М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин үчүнчү секретары;
Абарбекова А.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инфраструктура бөлүмүнүн башчысы;
Полтавская А.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык врачы;
Шамшиев Н.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин региондук саясат башкармалыгынын начальниги;
Акиев М.Б. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин металлургия бөлүмүнүн башчысы;
Смаилов У.А. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укук жана эл аралык иштер башкармалыгынын башкы адиси;
Бекташев С.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин кен казуу өнөр жайы башкармалыгынын башкы адиси;
Кыдыралиев Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик мүлк фондунун бөлүм башчысы;
Койчуманова К.Д. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин социалдык жана экологиялык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Келдибаев Ж.Ж. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Орманова Н.С. - Айдаркен сымап акционердик коомунун сатуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Богдецкий В.Н. - "Кыргыз кен ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Исабаев К.И. - "Экологиялык өнүгүү" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
Төлөнгүтов Б.И. - Чүй экологиялык лабораториясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2009-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында баштапкы сымапты өндүрүү жана анын айлана-чөйрөгө карата таасирин азайтуу маселеси боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруу жана башка жактардан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |