Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 102-б
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарындагы радио жаштык спектринин колдонулушуна мамлекеттик көзөмөлдүн функцияларын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине радио контролдоо приборлору менен жабдылган 1998-жылы чыккан, кузов № W 0039615, кыймылдаткыч № W 1002457, "УАЗ-3909" маркасындагы атайын автомобилди Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин Чыгыш аймактык башкармалыгынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |