КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 104-б
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесин 2011-жылы жалпы улуттук майрамдоого байланыштуу:
1. Мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Жолдошева Ж.А. - Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондунун төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Калмаматов А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Масалиев И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жураев М.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Келдибеков А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Акматов Н.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри;
Карашев А.А. - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кумаров Б.С. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Исаев К.Ш. - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Мырзакматов М.Ж. - Ош шаарынын мэри;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Айдаралиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Жекшеев Ж. - ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын башкы катчысы.
2. Уюштуруу комитети мааракелик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мааракени өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган министрликтер менен ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, ошондой эле облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |