КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 105-б
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 47-статьясын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларын акционерлештирүү механизмин иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы менен бирдикте 2009-жылдын 15-майына карата Кыргызстандын эл аралык университетинин базасында мамлекеттик жогорку окуу жайларды акционерлештирүү механизмин ачып берүүчү методиканын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
2. Ишке тартылган көз каранды эмес эксперттерге акы төлөөгө байланышкан чыгымдар "Кыргызстандын эл аралык университети" окутуучу-илимий-өндүрүштүк комплекстин каражаттарынын эсебинен төлөнөөрү белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |