Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 106-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык чоң симфониялык оркестрин жана камералык хорун Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын карамагына өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин бюджетинин чегинде "Учур" телетеатрынын базасында "Учур" мамлекеттик жаштар театрын ага юридикалык жак статусун берүү менен түзсүн;
- "Учур" мамлекеттик жаштар телетеатрынын, Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облустарынын мамлекеттик телерадиокомпанияларынын уюштуруу документтерин бекитсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясы:
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык чоң симфониялык оркестри, камералык хору пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын имаратындагы чоң концерттик студиясынын жайын ушул жайды күтүү боюнча чыгымдарды төлөө шарты менен акысыз пайдаланууга өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облустарынын мамлекеттик телерадиокомпанияларынын убактылуу жана туруктуу пайдаланууларында турган имараттарды, жабдууларды, транспорттук каражаттарды жана башка баалуу материалдык баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Бишкек шаары, Щербаков көчөсү, 6 ("Чүй" кинотеатрынын имараты) дареги боюнча жайгашкан имаратты "Учур" театрынын балансына Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Кинематография боюнча департаментинин балансынан өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылдын 1-январынан тартып аталган уюмдарды каржылоону Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу жүргүзсүн.
5. Облустардын мамлекеттик администрациялары жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары материалдык-техникалык базасын чыңдоодо региондук телерадиокомпанияларга ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн, алардын өнүгүшүн камсыздоого түздөн-түз катышсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |