Редакцияот 13.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 13-марты № 110-б

"Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаар кеңешине белгиленген тартипте шаардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов