Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19 февралы №7/2
Будалык айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга карата бюджета жөнүндө
Будалык айылдык округунун каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кудайбердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айылдык округунун 2011-жылдагы киреше бөлүгү 7121,2 миң сом жана чыгаша бөлүгү13808 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (тиркеме тиркелет).
2. 2012-жылга айылдык округунун бюджетинин киреше бөлүгүнө 16969,4 миң сом жана чыгаша бөлүктөрүнө 17626,9 миң сом бекитилсин. (тиркеме № 2)
3. Долбоор боюнча 2013-жылга 17239,7 миң сом бекитилсин.
4. Будалык айылдык өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетке каралаган акча каражаттары статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу, отчет учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшыруу жагы тиешелүү кызматкерлерге жана директорлоруна, чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө бюджет саясий-экономикалык маселелер пландоо, бюджет жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык округдук Кеңешинин төрагасы |
У. Асанов |