КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-марты № 116-б
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Москва районунун мамлекеттик администрациясына жана райондук кеңешине белгиленген тартипте 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Москва районунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн бирден жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашиналарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |