Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-марты № 122-б
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун жана 2011-2012-жылдарга божомолун өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында:
1. 2009-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине региондор жана райондор боюнча 2010-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн параметрлерин берсин;
- 2010-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү параметрлерин министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго чейин жеткирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2009-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2010-2012-жылдарга алкоголь продукцияларын жана тамеки буюмдарын өндүрүү көлөмүн берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети 2009-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө 2010-2012-жылдарга бюджеттин кирешелердин түшүшүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети 2009-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик үлүшүнө дивиденддер боюнча жана 2010-2012-жылдарга мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүүсүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, аткаруу бийлигинин башка органдары жана республикалык бюджеттен каржылануучу башка бюджеттик уюмдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:
- 2009-жылдын 27-мартына чейинки мөөнөттө 2010-2012-жылдарга контролдук цифраларды эсептөө үчүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик тармактык программаларына негизделген негизги экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрдү;
- 2009-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген сметалардын сунуштамаларына жана формаларына ылайык керектүү эсептөөлөр жана негиздемелер менен өнүктүрүүнүн мамлекеттик тармактык программаларына негизделген 2010-2012-жылдарга атайын каражаттар боюнча булактарга жана чыгымдарга карата чыгымдардын бош сметасынын жана кирешелер сметасынын долбоорлорун;
- 2010-2012-жылдарга бюджеттик мекемелердин тармактар, штаттар, жана контингенттер боюнча көрсөткүчтөрүн;
- программалык форматта 2010-2012-жылдарга бюджеттик документтерди;
- программалардын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттарды кудуреттүү үнөмдөөнүн варианттарын;
- 2010-2012-жылдарга бюджеттин долбооруна кирбеген артыкчылыктуу чыгымдарды.
6. Соттор кеңешине 2009-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2010-2012-жылдарга сот системасынын чыгымдары жана кирешелери сметаларынын долбоорлорун берүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2009-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2010-2012-жылдарга кирешелер жана чыгымдар сметаларынын долбоорун берүү сунушталсын.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык подразделениелерине төмөнкүлөрдү берүү сунушталсын:
- 2009-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары менен макулдашылган 2010-2012-жылдарга жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн параметрлерин;
- 2009-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары менен макулдашылган 2010-2012-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн параметрлерин.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2009-жылдын 20-апрелине чейинки мөөнөттө 2010-2012-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары үчүн жалпы контролдук цифраларды даярдасын;
- 2009-жылдын 20-апрелине чейинки мөөнөттө 2010-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү божомолунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономика жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна берсин;
- 2009-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө баалардын иштелип чыккан божомолдуу индексин жана 2010-2012-жылдарга республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башка негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен 2010-2012-жылдарга бюджеттин долбоорун түзүү боюнча нускама материалдарды даярдасын жана министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жана республикалык бюджеттен каржылануучу башка бюджеттик мекемелерге чейин жеткирсин;
- 2009-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө 2010-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана 2010-2002-жылдарга божомолду түзүү боюнча нускама материалдарды, жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн болжолдонгон нормативдерин, категориялык жана теңдөөчү гранттар боюнча божомолду даярдасын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чейин жеткирсин;
- 2009-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун жана 2011-2012-жылдарга божомолун берсин.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |