Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 28-марты № 132-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун ортосунда 2007-жылдын 14-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын нефть-газ келечектүү аянттарында жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуунун жоболорун аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосунда 2007-жылдын 14-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын нефть-газ келечектүү аянттарында жер казынасына геологиялык изилдөө жүргүзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуунун жоболору аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкаруучу комитет жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |