Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-марты № 133-б
Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-14-майында ЮНИСЕФтин финансылык колдоосунда "Борбордук Азияда балдарды багуу боюнча системаны түзүү жана реформалоо" балдарды коргоо боюнча экинчи эл аралык форумду уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары,
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн балалыкты коргоо секторунун башчысы, уюштуруу комитетинин катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
- ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);
- "Эври чайлд" эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө Эл аралык форумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |