Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-марты № 134-б
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жана "Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы үчүн кызматтык автомашина сатып алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу райондук кеңешинин 2008-жылдын 25-ноябрындагы № 6 токтомун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясына белгиленген тартипте кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун бюджетинин кирешесинин чыгымдардан ашып кетүүсүнүн эсебинен бир автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашина сатып алуу Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |