Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-сентябры № 502-б
СССРдин эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин автору, композитор жана дирижер Калый Молдобасановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу, ошондой эле анын дүйнөлүк музыка искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымын эске алып:
1. Юбилейлик иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Ажыбаев Ж.Б. - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаарайонунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;
Бегалиев М.А. - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору (макулдашуу боюнча);
Берикбаев Д. - "Ак-Талаа эл коомунун" жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Кондучалова К.К. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Молдобасанова У. - К.Молдобасанов атындагы фонддун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев Р.М. - А.Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин башкы дирижеру;
Осмонов Б.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Суваналиев О.И. - Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Тюлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейди өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каралсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |